Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакчанын курулушу башталдыБорбор калаанын базарларында жана дүкөндөрүндө жумуртканын баасы орточо эсеп менен бир даанасына үч сомго чейин арзандадыКыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайтДүйнө глобалдык экономикалык кризистин босогосунда турат жана Кыргызстандын ШКУдагы ролу азыр өтө маанилүү — экспертИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгодуОштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгарат
Бишкекте чак түштө курал менен көчө аралап жүргөн адамдын видеосу тарады
07.12.2023 | 10:47
Бишкектин “Асанбай” кичи районунда чак түштө курал көтөрүп көчө аралап жүргөн адамдын видеосу интернетте тарады.
Социалдык тармактын колдонуучуларынын маалыматында, ал Борбордук Азиядагы Америка Университети менен “Маариф” мектебине жакын жерде иттерге карай ок чыгарган.
“Ал иттердин артынан кууп, ок чыгарып, куралын кайра даярдап жатты. Бизди көргөндөн кийин качып кетти. Бул жерде университет жана мектеп бар”, – деп жазды күбө болгон жаран.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом