Кыргызстанда калктын 5,4 пайызы карылыктын босогосунда турат

Кыргызстанда калктын 5,4 пайызы карылыктын босогосунда турат

Кыргызстандын калкы карылыктын босогосунда турат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетине таянып, «Акчабар» жазып чыкты.

БУУнун шкаласы боюнча, эгерде 65 жаштан жогорку курактагы адамдардын жалпы калктын үлүшү 4 пайыздан төмөн болсо, анда мындай өлкөнүн калкы жаш деп эсептелет; 4 пайыздан 7 пайызга чейинки аралыкта болсо, калк карылыктын босогосунда болсо; 7 пайыздан жогору болсо — улгайган калк.

«Кыргызстанда 2023-жылдын башына карата 378,1 миң адам же 65 жаштан жогорку курактагы кыргызстандыктардын 5,4 пайызы (2019-жылдын башында – 4,7 пайыз) болгон»- деп айтылат маалыматта.

Бирок бул көрсөткүч КМШнын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу аз. Азербайжанда жана Казакстанда 8,5 пайызды, Орусия жана Белоруссияда 16,5 пайызды түздү. БУУнун божомолу боюнча, Кыргызстанда бул тенденция 2030-жылы пайда болот, анда 65 жаштан жогорку курактагы адамдардын үлүшү 7 пайызга жакындайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: карылык

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>