Кадамжайда майыптар үйүнүн санитары бейтаптарды сабаган. Милиция текшерип баштады (видео)

Кадамжайда майыптар үйүнүн санитары бейтаптарды сабаган. Милиция текшерип баштады (видео)

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Кадамжай районундагы психонервологиялык мекемеде тартылган видео боюнча текшерүү баштады. Бул тууралуу аймактык милиция билдирди.

Маалыматка караганда, видео 2021-жылы кыш мезгилинде тартылган. Анда майыптыгы бар жарандарды сөгүп, уруп, коркутуп жаткан  62 жаштагы санитар экендиги аныкталды.

«Ал мекемеден качып кеткенди кайра таап келип, коркутуп коюу максатында опузалап жүргөндүгүн айтат. Кадамжай писихоневрологиялык социалдык стационардык мекеме кызматкерлеринин ички өз ара келишпестиктин айынан эски видеону интернетке чыгарган. Санитардын жүрүм-турумуна юридикалык баа берилет», — дейт милиция.

Санитар тарабынан сабалган бейтапка соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бул маселени бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов  психонервологиялык мекемени текшерип чыгууну талап кылды. Анын айтымында, майыптардын сабалышынан сырткары,  алардын жөлөкпулдарын жетекчилик кымырып алган маалыматтар бар.

«Айзада Асанова деген директор буга чейин Чүйдөгү Беловодск психонервологиялык стационарында иштеп, андан дагы күч колдонуу фактылары катталган экен. Ал майыптардын пенсиясын жеп алгандыгы боюнча маалымат бар», — деди Атажанов.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>