Бишкек шаарында буга чейин дайынсыз болуп жаткан 20 жаштагы Диана Токтогулова табылды. Бул тууралуу милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, Р.Ж аттуу жаран 22-апрель күнү Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына 2004-жылы туулган кызы Токтогулова Диана Талантбековнаны издөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүп, арыз менен кайрылган.
Арыз ээсинин айтымында, кызы 22-апрелде саат 07:30 чамасында Шабдан Баатыр көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. 25-апрель күнү кечинде анын табылганы белгилүү болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз