Быйыл 400 миң тоннадан ашык көмүр экспорттолду. «Кыргызкөмүр» жыл жыйынтыгын чыгардыКМШ өлкөлөрүнүн окуучуларынын гуманитардык жана коомдук илимдер боюнча эл аралык олимпиадасынын тандоо этабы башталдыБыйыл үй-бүлөлүк зомбулуктан 31 адам каза таптыБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу токтотулатКамчыбек Ташиев үч баланын энесинин өлүмүнөн кийин катуу билдирүү жасадыИлим жана жогорку билим берүү министринин милдетин аткаруучу дайындалды
Бишкекте дайынсыз жоголгон жаш кыздын жансыз денеси табылды
06.11.2023 | 21:02
Бишкектин 20 жаштагы тургуну Виктория Долотованын жансыз денеси табылганын Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Кыз 31-август күнү дайынсыз жоголгон. Саат 22:00дө үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Милициянын маалыматына караганда, 4-ноябрда Ботаникалык бакчада кыз өз жанын кыйганы тууралуу маалымат түшкөн. Шаардык милициянын төртүнчү бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу 2003-жылы туулган Виктория Долотованын жансыз денесин жеринен табышкан.
Текшерүү учурунда денесинен эч кандай жаракат табылган эмес. Бул факт Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар