Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Бишкекте дайынсыз жоголгон жаш кыздын жансыз денеси табылды
06.11.2023 | 21:02
Бишкектин 20 жаштагы тургуну Виктория Долотованын жансыз денеси табылганын Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Кыз 31-август күнү дайынсыз жоголгон. Саат 22:00дө үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Милициянын маалыматына караганда, 4-ноябрда Ботаникалык бакчада кыз өз жанын кыйганы тууралуу маалымат түшкөн. Шаардык милициянын төртүнчү бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу 2003-жылы туулган Виктория Долотованын жансыз денесин жеринен табышкан.
Текшерүү учурунда денесинен эч кандай жаракат табылган эмес. Бул факт Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар