Бишкекте “Ден соолук-2024” спартакидасы өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 12-17-февраль күндөрү футзал, стритбол, тогуз коргоол, стол үстүндөгү теннис, волейбол, шахмат жана ордо боюнча болуп өтөт.
Таймаштар Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин спорттук базасында өткөрүлүүдө.