Видео: Эки жигит милиционерди таш менен ургулаган. Шектүүлөр кармалды

Видео: Эки жигит милиционерди таш менен ургулаган. Шектүүлөр кармалды

Бишкекте милиция кызматкерине таш ыргытып ургулаган деп шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, окуя 13-февралда Павлова менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Участкалык милиция кызматкери кызмат өтөп жүрүп коомдук тартипти бузуп, ичимдик ичип отурган 3 адамды көрүп, аларга эскертүү берген. Бирок алардын экөөсү милиция кызматкеринин эскертүүсүнө маани бербей, ага таш ыргытып, ургулаган.

Аталган окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Милиция бул ишке шектүү катары 28 жаштагы Т.Р. жана 25 жаштагы Ы.Б. аттуу жарандарды кармады. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Ленин райондук милициясы кызмат өтөп жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишине сый-урмат менен мамиле кылууга чакырат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>