Бишкекте эки кишини өлтүрүүгө шектүү камерага түшүп калган. Аны милиция издөөдө

06.10.2025 | 12:06

Бишкектеги үйлөрдүн бирине кирип, эркек киши менен анын эжесин өлтүрүп кеткен шектелип жаткан адам байкоо камераларына түшүп калган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Мындан тышкары, шектүү кылмыш болгон жерде баш кийимин калтырып кеткен. Видеодо шектүүнүн жүзү так көрүнүп турат.

Укук коргоо органдары шектүүнүн ким экендиги же кайда экени боюнча кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандарды төмөнкү номурларга кабарлап коюуга чакырды: 0772 144 239, 0556 848 080, же 102 кыска номери.

ИИМ маалымат берген адамдардын жеке коопсуздугу жана купуялуулук толук сакталарын билдирди. Тергөөгө көмөктөшкөн жарандар үчүн сый акы каралган.

Эске салсак, Бишкекте эки киши мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Белгисиз киши «Ак-Ордо-3» конушундагы үйлөрдүн бирине кирип, үй ээсине жана анын эжесине бычак сайган. Ал эми үй ээсинин аялы үч баласы менен үйдөн качып чыгууга үлгүргөн.

Scroll to Top