«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Азербайжан менен Өзбекстанда (U-20) футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтөт
06.10.2025 | 12:46

2027-жылы өтө турган 20 жашка чейинки футболчулар арасындагы дүйнө чемпионаты Азербайжан менен Өзбекстан биргеликте өткөрөт. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясынын билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди ФИФАнын кеңеши 2-октябрда Цюрихте өткөн жыйынында кабыл алган.
Өзбекстандын футбол ассоциациясы Өзбекстан өзүнүн меймандостугун, кесипкөйлүгүн, футболго болгон күчтүү сүйүүсүн көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Белгилей кетсек, азыркы тапта Чилиде жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Мелдеш 27-сентябрда башталган жана финалдык оюн 19-октябрда ойнолот.