Кыргызстан 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча КМШда экономикалык өсүш ыргагы боюнча лидер болдуМурдагы депутат Кубанычбек Конгантиев эки айга камалдыЖактоочу ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалдыБишкекте Кыргызстандын универсиадасы өтүүдөКыргызстанга 31 млн сомдон ашык суммадагы БАДдарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуАуэзов көчөсүндөгү соода күркөлөрү алынып, ордуна сквер курулат
Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү убактылуу эки тараптуу болот – Мэрия
21.08.2025 | 15:12

Бишкек шаарында 2025-жылдын 22-августунан тарта Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн айрым тилкелери убактылуу эки тараптуу болот. Бул тууралуу Мэриядан кабарлашты.
Тактап айтканда:
- Киев көчөсү – Эркиндик бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралыкта;
- Токтогул көчөсү – Эркиндик бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейинки аралыкта эки тараптуу болуп өзгөртүлөт.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Чүй проспектиси менен Фрунзе көчөсүнүн убактылуу жабылышына байланыштуу жол тыгындарын азайтуу максатында кабыл алынууда.
Ошондой эле аталган көчөлөрдүн эки тарабына унаа токтотууга тыюу салган белгилер орнотулат.
Рубрики: Жаңылыктар