Бишкекте эки окуучу дайынсыз болуп, изделүүдө

29.04.2025 | 12:36

Бишкек шаарында 12 жана 11 жаштагы эки окуучу эки күндөн бери изделүүдө. Бул тууралуу шаардын Октябрь райондук милициясы кабарлады.

12 жаштагы Акунов Сабыржан жана 11 жаштагы Кажымахунов Бектурган 27-апрелде саат 19:00дө 12-кичирайондо жайгашкан мектептен чыккан бойдон үйүнө кайтып келишкен эмес. Учурда алардын жүргөн жери белгисиз болууда.

Акунов Сабыржан: бою – 136 см, салмагы – 35 кг. Кийген кийими: кызыл шорты, кызыл футболка, кара түстөгү жеңи жок чапан (безрукавка), бутунда кызыл гетры.

Кажымуханов Бектурган: бою – 132 см, салмагы – 32 кг. Кийген кийими: кара түстөгү спорттук кийим.

Октябрь райондук милициясы аталган окуучулардын жүргөн жерин аныктоого жардам берген кандайдыр бир маалымат бар болсо, бул телефон номерлерге чалып коюуну өтүндү: 0(312) 52-29-00, 0(312)54-41-85, 0(507)50-71-02, 0(706)41-83-47  жана “102”.

Scroll to Top