Бишкекте йога күнү белгиленди
Бишкек шаарында 10-эл аралык йога күнүнө карата масштабдуу иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Индиянын Кыргызстандагы элчиси Шри Арун Кумар Чаттерджи катышты.
Йога күнүн майрамдоо эки компоненттен турду: Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеядагы массалык йога машыгуусу жана маданий программа.
Шаардыктар жана борбордун меймандары байыркы физикалык жана рухий практикага кошулушту. Алар тажрыйбалуу инструкторлордун жетекчилиги астында йога көнүгүүлөрүн жасашты.
Иш-чара Индиянын Кыргызстандын элчилиги жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган. Максаты – жарандарды сергек жашоого жана активдүү эс алууга тартуу.
Маалымат үчүн: Йога – дене менен рухтун биримдигин камтыган байыркы индиялык салт. Йога ден соолук жана жыргалчылык үчүн комплекстүү мамилени камсыз кылат жана азыр дүйнө жүзү боюнча популярдуу.
[image_carousel source=”media: 211160,211161,211162,211163,211164,211165,211166,211167,211168,211169,211170″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз