ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Бишкекте эмен дарактарын химиялык дарылоо иштери башталды
29.04.2025 | 14:29
28-апрелден тарта Бишкек шаарында эмен дарактарын зыянкеч курттарга каршы химиялык тазалоо, дарылоо иштери башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Химиялык тазалоо шаардык жашыл аймактарды коргоо жана дарактардын зыянкечтерден жабыркашына жол бербөө максатында жүргүзүлүүдө.
Министрлик дарылоо иштери түнкү убакта жүргүзүлүп, адамдарга, жаныбарларга жана пайдалуу курт-кумурскаларга коркунуч келтирбеген препараттар колдонулуп жатканын билдирди.
“Шаар тургундарынан, өзгөчө химиялык заттарга сезгичтиги жогору болгон адамдардан, дарылоо жүргүзүлүп жаткан аймактарда убактылуу жүрбөөнү жана коопсуздук талаптарын сактоону өтүнөбүз”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом