Бишкекте эпидемиялык кырдаал курч. Жеңиш күнү борбор калаада белгиленбейт

Бишкекте эпидемиялык кырдаал курч. Жеңиш күнү борбор калаада белгиленбейт

29-апрель Бишкек шаарынын күнүнө жана 9-май Улуу Жеңиштин күнүнө карата массалык иш-чараларды өткөрбөө чечими кабыл алынды. Мындай чечимди калаадагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу коронавирусту жайылтпоо боюнча Республикалык штаб кабыл алган.

Белгиленгендей, борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда, Бишкек шаарында COVID-19 менен ооругандардын жалпы саны 32 649 түздү, анын ичинде 20-апрелге карата 117 жаңы учур катталды.

«Биз ар бириңизден санитардык ченемдерди сактоону чын жүрөктөн суранабыз: маска кийип жүрүңүз, жеке гигиенаңызды бекемдеңиз, колуңузду антисептик менен системалуу түрдө тазалаңыз, эң башкысы коомдук жайларга барууну чектеңиз, аралыкты сактаңыз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз», — деп айтылат билдирүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>