Бишкекте эски бала бакчанын имараты жана жери мэрияга кайтарылды

Бишкекте эски бала бакчанын имараты жана жери мэрияга кайтарылды

Бишкекте мурдагы бала бакчанын имараты жана жери мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, бул эски бала бакча Маевкада жайгашкан. Менчиктештирүү мезгилинде, 1994-жылы ал мамлекеттин карамагынан мыйзамсыз чыгарылып, жеке менчикке сатылып кеткен. Ошол кезде бала бакчанын 735,8 чарчы метр имараты, 460,5 чарчы метр турак жайы болгон. Мунун баары 63 сотых жерде жайгашкан.

Жеке колго өткөндөн кийин ал бала бакча катары иштетилген эмес. Учурда имараттар талкаланып, кароосуз калган. Кээ бир имарат дары-дармек каражаттарын сактоочу жай катары колдонулган.

Тергөө иштери учурунда объекттин ээси мурдагы бала бакчанын имаратын жана жерин өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берген.

Азыркы тапта бул объект Бишкек мэриясына өткөрүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>