Баткенде 30 млн долларга ГЭС курулуп, «Бүргөндү» магистралдык каналы кеңейтилүүдөЖК депутаты алдамчылар боюнча милицияга кайрылдыТынчтык Шайназаров кайрадан Кыргызстандын БШК төрагасы болдуАжылык сапарын аяктаган алгачкы зыяратчылар Кыргызстанга кайтып келиштиДепутат ТСЖнын ордуна райондук дом башкармалыктарын кайра түзүүнү сунуштадыАла-Тоо аянтындагы окуя — Бишкек мэри диджейге тумар белек кылды
Кыргызстанда “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу 207,9 миң балага берилүүдө
28.02.2025 | 11:13
Кыргызстанда 1-февралга карата “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуучулардын саны 58,4 миң үй-бүлөнү түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Жөлөкпулду аталган үй-бүлөлөрдө жашаган 207,9 миң бала алат.
Эскерте кетсек, “үй-бүлөгө көмөк” 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөрлөргө берилет. Үй-бүлөнүн тапкан кирешеси ар бир адамга бөлгөндө 1 миң сомдон ашпашы керек.
Жөлөкпул ар бир балага 1 200 сомдон 16 жашка чыкканга чейин берилет. Ошондой эле бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашагандарга жөлөкпул тийиштүү райондук коэффициенттер менен эсептелет.
https://reporter.kg/yj-bylogo-komok-zholokpulun-dajyndoodo-muzdatkych-bashtagan-tirichilik-tehnikasy-esepke-alynbajt/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом