Кыргызстандын президенти коомду өнүктүрүүдөгү жана салттарды сактоодогу аялдардын стратегиялык ролун баса белгиледиБишкектин улгайган тургуну телефон алдамчыларына жыйырма эки миллион сомдон ашык каражат которгонУКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталды
Бишкекте ИИМдин 100 жылдыгы белгиленип, Ала-Тоо аянты жабылат
31.10.2024 | 10:55
Бишкекте 1-ноябрда Ала-Тоо аянтында кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата парад, кечинде майрамдык концерт болот. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Парад УТРКнын телеканалында онлайн режиминде көрсөтүлөт жана бардык жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылат.
Кечки концерттик программага ички иштер органдарынын кызматкерлеринин “Ыр кесе” музыкалык сынагынын жеңүүчүлөрү жана лауреаттары катышат. Концерт саат 18:00до башталат.
Аталган иш-чарага байланыштуу Ала-Тоо аянты унаалар үчүн жабылат. ИИМ буга түшүнүү менен мамиле жасап, бара турган жерге жолду алдын ала тандап алууну суранат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом