Экономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь БеляевКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөт
Милиция Нурлан Мотуевди кармады
31.10.2024 | 09:55
Нурлан Мотуев улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, Мотуев өзүнүн “Инстаграмдагы” баракчасына видео чыгарып, анда Кыргызстандагы бир улуттун өкүлдөрүнө карата жаман сөздөрдү айтып, улуттар аралык кастыкты козуткан. Ал видео боюнча экспертиза дайындалып, анын сөздөрүндө улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар деген жыйынтык чыккан.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Мотуев шектүү катары кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.