Бишкекте «IMPULSE 2025» Х Эл аралык театралдык фестивалы ачылды

17.09.2025 | 16:37

А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында «IMPULSE 2025» мааракелик Х Эл аралык чакан формадагы театралдык фестивалынын салтанаттуу ачылышы болду.

Мэриядан маалымдалгандай, ачылыш аземде Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысы Урмат Белекбаев сөз сүйлөп, фестивальдын чыгармачылык алмашуу жана театр жаатында эл аралык кызматташтыкты бекемдөөдө маанисин белгиледи.

Расмий ачылыш «Эсимде» спектакли менен жандуу башталды. Фестиваль салттуу түрдө Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин театр жамааттарын бириктирип, заманбап спектаклдерди, жаңы сахналык формаларды жана оригиналдуу режиссердук ыкмаларды көргөзөт.

2025-жылдагы мааракелик фестиваль «Фестиваль-лаборатория» форматында өтүп, катышуучуларга тажрыйба алмашууга жана биргелешкен чыгармачылык долбоорлорду иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Фестиваль бир нече күнгө созулуп, спектаклдерди, чыгармачылык жолугушууларды жана мастер-класстарды камтыган бай программаны сунуштайт.

Scroll to Top