ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Бишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдө
03.03.2026 | 16:10
Борбор калаанын тургундары Иран Ислам Республикасынын элчилигинин имаратына гүлдөрдү алып келишүүдө. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн алдында бул өлкөнүн эли менен тилектештиктин белгиси катары митинг-реквием өтүп жатат.
Бул эскерүү акциясына Ирандагы кайгылуу окуялар себеп болду. Бүгүн ал жакта АКШ жана Израилдин соккусунун натыйжасында набыт болгон 165 окуучу кызды акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Мындан тышкары, өлкөдө жогорку лидер Хаменеинин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу аза күтүлүүдө.
Элчиликтин алдына чогулган бишкектиктер көптөгөн адамдардын өмүрүн алган окуяларга жана мамлекеттик лидердин жоготуусуна байланыштуу иран элине көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Иран