Бишкекте ири суммадагы жасалма доллар алып бараткан адам кармалды – сүрөт

Бишкекте ири суммадагы жасалма доллар алып бараткан адам кармалды – сүрөт

Улуттук коопсуздук комитети жасалма чет элдик валюта саткан каналдын ишине бөгөт коюлганын кабарлады. 

Ыкчам иш чаралардын алкагында 14-декабрь күнү Бишкекте ири суммадагы  жасалма АКШ долларларын алып бара жаткан адам кармалган.  Ал 51 жаштагы К.У. аттуу кыргыз жараны экени аныкталган.

Ошондой эле жасалма валюталар жогорку сапатта даярдалганы жана Кыргызстанга таратуу максатында атайын Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн биринде даярдалганы белгилүү болгон. 

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.   

[su_image_carousel source=»media: 51931,51932,51933,51934″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>