Бишкекте күндүзгү стационарда ыктыярчы катары иштеген студент кыз каза болду

Бишкекте күндүзгү стационарда ыктыярчы катары иштеген студент кыз каза болду

Бишкек шаарында ачылган күндүзгү стационардын биринде иштеп жаткан 22 жаштагы Адинай Мырзабекова аттуу студент кыз каза болду. Бул тууралуу аны менен бирге иштеген курсташтары жазып чыкты.

Каза болгон кыз Медициналык академиянын 5-курсунун студенти болгон. Ал стационарлардын бириндеги абалы орто жана жеңил бейтаптарды тейлеп иштеп жаткандыгына 11 күн болгон.

14-июлга караган түнү жумуш аяктагандан кийин эс алганы жатып, ошо бойдон өзүнө келбей каза болгон. “Тез жардам” кызматына алып барышса, ал жакта реаниматолог жок болгондуктан жардам көрсөтүлгөн эмес.

Саламаттык сактоо министрлиги студенттин эмне себептен каза болгондугу боюнча териштирүү баштаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>