Бишкекте күзөтчүгө кол көтөрүп, будкасын талкалаган айдоочу Кеминден кармалды

Бишкекте күзөтчүгө кол көтөрүп, будкасын талкалаган айдоочу Кеминден кармалды

Бишкекте “Тойоты Лэнд Крузердин” айдоочусу күзөтчү отурган жайды унаасы менен сүзүп талкалап, күзөтчүгө кол көтөргөн видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Милициянын кайгуул кызматынын маалыматына караганда, окуя 6-июнь күнү Токтогул жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Ал эми айдоочу Чүй облустук жол коопсуздук кызматкерлери тарабынан кармалган.

“Жол тескөөчүлөрү катуу ылдамдыкта келе жаткан, маңдайы сүзүлгөн унааны Токмок шаарына жакын жерден тоскондо токтогон эмес. Кызматкерлер артынан кууп барып, Кемин районунан айдоочуну колго түшүрүшкөн. Айдоочу мас болгон. Унаа айып токтомого киргизилип, айдоочу тергөө кызматына өткөрүлүп берилди”, – деди Чүй облустук коопсузук кызматынын өкүлү Тимур Миршакиров.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Болот Ибрагимов SFR (@bolotibragimov)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>