Бишкекте изделип жаткан 16 жаштагы Айсулуу үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы маалымдады.
Маалыматка караганда, кыздын ата-энеси 25-августта саат 21:00дөр чамасында кызы аман-эсен үйүнө келгенин билдиришкен.
Буга чейин 24-августта шаар тургуну Н.Г. милицияга кайрылып, 2006-жылы туулган кызы Каныбек кызы Айсулууну табууга көмөктөшүүнү өтүнгөн. Ал 23-августта 20:00дөр чамасында Бишкек шаарындагы «Баткен» кафесинен чыккан бойдон үйүнө барган эмес.
Учурда милиция иш боюнча бардык жагдайларды иликтеп жатат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда