Бишкекте кайненеси алып кеткен эки бала энесине кайтарылды

Бишкекте кайненеси алып кеткен эки бала энесине кайтарылды

Акыйкатчы институтуна А.К. аттуу Кыргызстандын жараны кайрылып,  кайненеси  ага айтпастан жана макулдугусуз жашы жете элек балдарын алып кеткендигин билдирген.

Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдиргендей, 2022-жылдын  8-июнунда Акыйкатчынын өкүлүнүн катышуусунда А.К.нын жашы жете элек балдардын иши боюнча комиссиянын жыйыны болуп, анын чечими менен балдар Бишкек шаарынын мэриясынын Балдарды социалдык адаптациялоо борборуна убактылуу жайгаштырылган.

Ошондой эле, бул маселени кароодо 2022-жылдын 22-июнунда Акыйкатчы институту тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май администрациялык  муниципалдык башкармалыгынын Балдар иштери боюнча комиссиясынын (КДБ) төрайымы А.Ж. Рыспаевага кат жолдонуп, ага ылайык Комиссияга төмөнкү сунуштар берилген:

– А.К.нын жашы жете элек балдарына альтернативдүү психологиялык экспертиза жүргүзүү;

— балдарды мыйзамдуу өкүлүнө — энесине кайтарып берүү;

— жаран А.К.нын жана анын балдарын жашаган жери боюнча учётко алуу.

Акыйкатчы институтунун бул сунуштарын Комиссия эске алып, КДКнын 2022-жылдын 22-июнундагы токтомуна ылайык, балдар мыйзамдуу өкүлү — А.Н.га өткөрүлүп берилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Акыйкатчы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>