Бишкектин кайсы жаңы конуштарындагы тургундардан коронавирус табылган?

Бишкектин кайсы жаңы конуштарындагы тургундардан коронавирус табылган?

Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарда коронавирус боюнча абал кооптуу бойдон калууда. Бул тууралуу 30-апрелде борбор калаанын мэри Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында Бишкектеги коронавирус илдетин жуктурган 183 адамдын 43ү калаанын тегерегиндеги конушттардын өкүлдөрү.

Ал эми 143 адам шаардык дарек боюнча жашайт, ал эми 38 адамдын каттосу башка шаарларда экенин белгилеген шаар башчысы Азиз Суракматов.

Турак жай кошуштардын тизмеси жана оору жуккан адамдардын саны:

Арча Бешик – 16;
Ак-Өргө – 3;
Көлмө – 7;
Ак Босого – 6;
Керамический – 2;
Ак-Ордо – 1;
Ынтымак – 1;
Кара Жыгач – 1;
Алтын Ордо – 1;
Көк Жар – 1;
Касым – 1;
Мурас Ордо – 1;
Тынчтык – 1;
Учкун – 1.

Жалпы өлкө боюнча 30-апрелге карта коронавирус илдети 746 адамга жугуп, алардын ичинен 462 бейтап ооруну жеңген.  8 адам оорудан улам каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>