Бишкекте камактагы шектүү милиция бөлүмүнөн качып кетти

Бишкекте камактагы шектүү милиция бөлүмүнөн качып кетти

Бишкектеги Ленин райондук №2 милиция бөлүмүнөн 1970-жылы туулган Турдубеков Бакыт Ташполотович качып кетти. Бул тууралуу аталган райондук милициядан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, качып кеткен, адам уурулук боюнча шектүү катары кармалган. 3-июнда болжол менен саат үчтөр чамасында качып кеткен.

Шектүүнүн качып кетишине жол берген милиция кызматкерлеринин шалаакылыгына  карата кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Өзгөчө белгилери: бою 165-170 см, салмагы 65-70 кг, кара тору, чачы кара түстө, арык чырай.

Кийген кийими: кара көйнөк, шым жана кара бут кийим кийип жүргөн.

Издөөдө жүргөн жаран тууралуу маалыматы бар жарандар 0(312) 352-605, 0(312) 444-457, 0(700) 425-344 телефон номурларына же «102» кызматына билдирсе болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>