Владимир Путин жана Садыр Жапаров телефон аркылуу сүйлөштүЖаңыланган Нарын аэропорту алгачкы учакты кабыл алдыКосмонавт Салижан Шарипов Кыргыз Республикасынын паспортун алдыСадыр Жапаров: Жайлоолорду техника менен тебелебегилеАйыл чарба министрлиги малдын экспортун убактылуу чектөөнү сунуштадыСадыр Жапаров Каракол шаарын өнүктүрүү пландары менен таанышты
Бишкекте каналдар тазаланууда
29.12.2024 | 17:20
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык ордо калаабыздын каналдарынын ичин тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, канал тазалоо иштерине ондогон оор атайын техникалар тартылды. Ылай менен чогуу ар кандай акыр-чикир таштандылары алынып чыгууда.
“Бул жазында суу кирген учурда ташкындоолордун алдын алууга жардам берет. Учурдан пайдаланып арыктарга, каналдарга таштанды таштабоого чакырып кетет элем”, – деген ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар