2-апрель: Өлкөдө күн ачык болотГуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышат
Бишкекте карызы бар 5 минден ашуун абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт
22.11.2025 | 14:34

24-ноябрда Бишкек шаарында электр энергиясы үчүн карызы бар 5 миңден ашуун абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкек электр тармактары» ишканасы билдирди.
Мындан улам ишкана абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат.
Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн ишкананын сайтында «Абоненттин балансы» бөлүмү иштейт. Ал аркылуу бардык абоненттер, үй-бүлөлүк жана өндүрүштүк, өздөрүнүн жеке эсептеринин абалын каалаган учурда көрө алышат. Мындан тышкары, үй-бүлөлүк абоненттер «Менин жарыгым» мобилдик тиркемеси аркылуу өз баланстарын биле алышат. Төлөмдөрдү бардык онлайн банкингдер аркылуу, ошондой эле «Кыргызпочтасы» аркылуу төлөөгө болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом