Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйтУнаанын номерин кайра тариздөө кызматы эми «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүүЖККУ Ирандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы энергетикалык объектилерди коргоону күчөтүүгө чакырды
Бишкекте жаңы №33 электробус жүрө баштады
22.11.2025 | 13:35

Бүгүн, 22-ноябрдан, тарта борбор калаада жаңы №33 электробус каттамы иштей баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Эми ДЕПО-2ден «Жаштар кварталына» чейин заманбап, ыңгайлуу жана экологиялык жактан таза электробустар жүрөт.
№33 электробустун жүрүү багыты төмөнкү көчөлөрдөн өтөт: Ш. Баатыр проспекти, Ауэзов көчөсү, Анкара көчөсү, Горький көчөсү, Юнусалиев көчөсү, Ахунбаев көчөсү, Жукеев – Пудовкин көчөсү, А. Токомбаев көчөсү, Байтик Баатыр көчөсү, Семетей көчөсү, Ч. Айтматов проспекти, А. Масалиев көчөсү, акыркы аялдама — «Жаштар кварталы».

Рубрики: Жаңылыктар, Коом