Бишкекте «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун үч мүчөсү кармалды

10.04.2026 | 12:39

Бишкек шаарында Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун үч мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында, тергөөдө кармалгандар аталган экстремисттик уюмдун идеологиясын жайылтуу жана анын катарына адамдарды тартуу менен алектенип келгени аныкталган.

Алардын жашаган жерлерин тинтүү учурунда чет өлкөдө басылып чыккан адабияттар жана материалдар табылып алынган.

Учурда кармалган жарандарга карата тергөө иш-чаралары улантылууда.

Scroll to Top