Бишкек шаарынын 12-кичи районунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жашаган жайда кичи тигүү ательеси ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, ателье Октябрь акимиатынын жана Коргоо министрлигинин демилгеси, «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси жана «Авангард» курулуш компаниясынын каржылык колдоосу менен ачылды.
Бул долбоордун максаты үй-бүлөлөрдү өздөрүнүн оор турмуштук абалынан чыгуу үчүн активдүү кадамдарга үндөө, социалдык коргоо тутумунан жетиштүү көз карандысыздыкка жана коомго толук кандуу катышууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө, үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлин жогорулатууга түрткү берүү болуп саналат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз