Бишкекте кичи ателье ачылды  

Бишкекте кичи ателье ачылды  

Бишкек шаарынын 12-кичи районунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жашаган жайда кичи тигүү ательеси ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ателье Октябрь акимиатынын жана Коргоо министрлигинин демилгеси, «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси жана «Авангард» курулуш компаниясынын каржылык колдоосу менен ачылды.

Бул долбоордун максаты үй-бүлөлөрдү өздөрүнүн оор турмуштук абалынан чыгуу үчүн активдүү кадамдарга үндөө, социалдык коргоо тутумунан жетиштүү көз карандысыздыкка жана коомго толук кандуу катышууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө,  үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлин жогорулатууга түрткү берүү болуп саналат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>