Борбор калаанын Дэн Сяопин көчөсүндө 17-февралда саат 17:00дөр чамасында кичи автобустун айдоочусу жөө адамдар өтүүчү жерден 11 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Кыз Шаардык балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына жеткирилген. Ал эми айдоочусу кырсыкка учураган кичи автобус убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.