Бишкекте батирден киши сабалып каза болду

Бишкекте батирден киши сабалып каза болду

Бишкекте денеге оор залал келтирген деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

16-февраль күнү саат 06:55 чамасында милицияга 8-кичирайондогу көп кабаттуу үйлөрдүн батирлеринин биринде адамдын венасын кескендиги тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган укук коргоо кызматкерлери 39 жаштагы Э.Ж.нын сөөгүн табышкан. Анын денесинде көптөгөн жаракаттар болгон.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин «Ден соолукка оор залал келтирүү, ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган жосунда: байкабастыктан адамдын өлүмүнө, анын ичинде өзүн-өзү өлтүрүүнүн натыйжасында, же эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келүү» менен кылмыш иши козголду.

Милиция кызматкерлери 44 жаштагы кылмышка шектүүнү таап, кармашып, убактылуу кармоочу жайга камашты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>