Бишкекте коменданттык саат учурунда жол кырсыгы болуп, 7 унаа жабыркады

Бишкекте коменданттык саат учурунда жол кырсыгы болуп, 7 унаа жабыркады

Бишкекте «Субару Легаси» унаасын катуу ылдамдыкта башкарып бараткан айдоочу рулга ээ боло албай токтоп турган 6 унааны сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендатурасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 24-апрелге караган түнү саат 01:30 чамасында Каралаев-Куттубаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Кырсыктын кестепетинен «Субару Легаси», «Тойота Ленд Крузер» үлгүсүндөгү 2 унаа, «Мерседес-Бенц», «Минивэн», «Тойтота Камри» жана «Лада» үлгсүндөгү унаалар жабыркап, эки адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>