Бишкекте көмүр базаларында эрежелер бузулган фактылар аныкталды

19.11.2025 | 20:00

Бишкек жана Аламүдүн районундагы экологиялык жана техникалык кызматтын аймактык башкармалыгы борбордогу бир катар көмүр базаларында Кара-Кече кареринен келген 0–13 миллиметрлик майда көмүр сатылып жатканын аныктады. Базалардын ээлерине жана жооптуу адамдарга отун сапатынын стандарттарын бузгандыгы боюнча расмий эскертүү берилди.

Текшерүү Министрлер кабинетинин «Абанын атмосферасын коргоо боюнча айрым чаралар тууралуу» токтому алкагында жүргүзүлгөн. Комиссия ишкерлерге жана жарандарга экологиялык нормаларды сактоонун, булганышчу заттардын чыгышын азайтпоо жана борбор калаада абанын сапатын жакшыртуу маанилүүлүгүн түшүндүрдү.

Экологиялык жана техникалык кызмат көмүр базалары боюнча рейддик жана профилактикалык текшерүүлөр улана берерин белгилеп, булганууну минималдаштыруу жана стандарттардын аткарылышын көзөмөлдөө милдетин белгиледи.

Scroll to Top