Экономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь БеляевКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөт
Баткен облусунда «Базарбай ата» кичи ГЭС ишке киргизилди
19.11.2025 | 19:00
Баткен облусунун Кадамжай районунда Майдан айыл аймагында жайгашкан «Базарбай ата» кичи гидроэлектростанциясы расмий түрдө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кабарлады.

Жаңы станциянын кубаттуулугу 600 кВт түзүп, райондун электр энергиясына болгон муктаждыгынын бир бөлүгүн камсыз кылууга жана электр энергиясынын тартыштыгын азайтууга мүмкүнчүлүк берет.
ГЭСтин курулушу жеке ишкерлердин 8 миллион сомдук инвестициясы менен ишке ашты. Мындан тышкары, бир фонд дагы 8 миллион сомдук насыя бөлүп берди.
«Базарбай ата» ГЭСинин ишке кириши Кадамжай районундагы электр камсыздоону жакшыртууга жана инфраструктураны өнүктүрүүгө жол ачты.