Экономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь БеляевКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөт
Бишкек ТЭЦ гипс камтыган шламды аукцион аркылуу сатат
19.11.2025 | 21:00
«Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасы гипс камтыган шламды сатуу боюнча ачык аукцион жарыялады. Жалпысынан айына 500 тонна шлам сатууга коюлат, ал эми күз-кыш мезгилинде — 2 500 тоннага чейин.
Аукцион 2025-жылдын 19-декабрында саат 10:00дө өтөт. Дареги: Шабдан Баатыр проспекти, 108, административдик корпус, 2-кабат, акт зал.
Кызыккан тараптар соода объектиси жана катышуу шарттары тууралуу толук маалыматты төмөнкү телефондор аркылуу ала алышат: 0 703 09-01-95 жана 0 772 69-19-78.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом