БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Бишкекте көмүр 3 миң сомдон сатыла баштады
16.11.2021 | 09:57
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 16-ноябрдан тарта Бишкекте көмүр 3 миң сомдон сатыла баштайт. Бул туурасында Президенттин басма сөз кызматы Тазабекке билдирди.
Маалыматка караганда, Мурманск 1Б дарегинде сатылат. Узун кезек болуп калышы мүмкүн, ошол себептен ар бир үй-бүлөгө 2 тоннадан ашык сатууга болбойт деген чек кирди. Чектөө 1-декабрда алынат.
Буга чейин Президент Садыр Жапаров Бишкектин четиндеги ЖЭБ-2 ишканасынын жанындагы жашоочулар менен жолугушуу маалында Бишкекте Кара-Кече кенинен казылган көмүрдү 3000 сомдон сатып баштарын билдирген болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика