Айдоочулук күбөлүк алып берем деп, алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалды«Ош ТВ» муниципалдык мекемесинин директору алмаштыУКМК: Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун лидери кармалдыКытайдын элчиси кыргыз-кытай кызматташуусунун «алтын доору» башталганын билдирдиКыргызстанда порнографиялык контентти камтыган сайттарды бөгөттөө тартиби бекитилдиКыргызстан авиациялык эрежелерди ИКАОнун ченемдерине шайкеш келтирүүдө
Бишкекте коомдук транспортто накталай эмес төлөм 3 айга жылдырылды
06.07.2022 | 10:12
Муниципалдык коомдук транспортто накталай эмес төлөм үч айга жылдырылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жыл аягында борборго 500гө жакын жаңы газ менен жүрүүчү автобустарды алып келүү пландалууда.
«Биз 2022-жылдын 1-июлунан тартып электрондук билеттерди киргизүүнү кааладык, бирок автобустарды алууну пландап жаткандыктан, мөөнөттөрдү артка жылдырдык. Жаңы транспорт келгенден кийин гана системаны ишке киргизебиз деп ойлойбуз», – деди Эмилбек Абдыкадыров.
Буга чейин накталай эмес жол кире пландалганга чейин көптөгөн жарандар Тулпар карталарын сатып алууга үлгүрбөй калганы маалымдалган. Бул накталай эмес төлөмдөрдүн кечиктирилишинин биринчи себеби болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом