Бишкекте коомдук тынчтыкты бузган түнкү клубга айып пул салынды

Борбор калаада түнкү тынчтыкты бузгандыгы үчүн түнкү клубка айып пул салынды. Бул тууралуу жеринде күбө болгон Reporter.kg’нин кабарчысы билдирди.
Бүгүн, 13-ноябрдын, кечинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев рейд өткөрүп, коомдук жайларда «Тынчтык жөнүндөгү» мыйзамдын жана электр энергиясын үнөмдөө режиминин сакталышын текшерди.
Саат 22:00дөн кийин мэр шаардагы түнкү клубдардын бирине барган. Ал барган учурда аталган жайдын жетекчилиги тосуп чыгып, имарат жабылып жатканын жана ичинде эч ким жок экенин билдирген. Бирок текшере келгенде ичинде эс алуучулар отурушканы белгилүү болгон.
Мындан тышкары жетекчилик коомдук жайда электр энергиясы генератордон алынарын айтып, аны көрсөткөн.
Мэр тиешелүү органдарга буйрук берип, генераторду өчүрүүнү тапшырган. Ошондой эле өкмөттүн токтомун аткарбагандыгы үчүн протокол түзүлүп, 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.