Бишкекте коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алган стационарлардын даректери

Бишкекте коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алган стационарлардын даректери

Бишкекте лаборатордук жана клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 менен ооруган бейтаптарды 11 стационар кабыл алууда. Бул тууралуу штабдан кабарлашты.

Коронавирустук инфекциянын учурлары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, борбор калаада COVID-19 жана этиологиясы белгисиз болгон пневмония менен ооруган жарандарды кабыл алуу үчүн, буга чейин жабылган (консервацияланган) кошумча орундуктар ачылды. Бүгүнкү күндө, Бишкек шаарында 11 стационар бейтаптарды кабыл алып жатат:

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы (РКЖОО) – 100 орун;

Кыргыз-түрк достук ооруканасы (КТО) – 70 орун;

№1 Шаардык клиникалык ооруканасы (№1 ШКО) – 92 орун;

Улуттук госпиталь (УГ) – 80 орун;

Улуттук фтизиатрия борбору (УФБ) – 38 орун;

Эне жана баланы коргоо улуттук борбору (ЭжБКУБ) – 30 орун;

Улуттук онкология жана гематология (УОиГ) – 10 орун;

Улуттук хирургия борбору (УХБ) – 15 орун;

Улуттук кардиология жана терапия борбору (УКжТБ) – 50 орун;

Темир жол ооруканасы (ТЖО ) – 56 орун;

№2 клиникалык төрөт үйү (КРД№2) – 20.

Жалпысынан 561 койко-орун даярдалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>