Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Бишкекте коронавируска чалдыккан канча бала ооруканада жатат?
08.05.2020 | 11:42
Бишкектеги Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында 32 бала дарыланууда. Бул саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 8-майда бирифингде билдирди.
Анын айтымында балдардын абалы канааттандыраарлык, оор абалда жаткандары жок. Буга чейин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан оору жугузуп алган балдар дагы жугуштуу илдеттер ооруканасына которулган.
8-майга карата дагы коронавирус жуккан 11 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын жалпы саны 906 адамга жетти. Алардын ичинен 650 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом