Бишкек шаарында COVID-19 илдетинен 1 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, бир сутка ичинде 57 адамдан COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы аныкталып, бир бейтап көз жумду. Илдет Ош шаары менен Баткен облусунда катталган эмес.
Ошол эле учурда коронавирус жана пневмониядан 59 бейтап сакайды.
Ал эми соңку сутка ичинде 3020 кишиден ПЧР анализ алынган.