Финполдун Бишкек боюнча башчысы кармалды. Ал сыртка 60 миллиард сомго жакын каражат чыгарган

Финполдун Бишкек боюнча башчысы кармалды. Ал сыртка 60 миллиард сомго жакын каражат чыгарган

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Бишкек шаары боюнча башчысы коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Финполдун Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы К.Н. 1-мартта кармалган. Аталган башкармалыктын кызматкерлери кызматтык абалынан пайдаланышып, жарандар менен сүйлөшүп алышып, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана ири өлчөмдөгү каражаттарды Кыргызстандан чыгарып кетүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкан.

Мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында 2020-жылдын март айынан октябрь айына чейин Кыргызстандан 59,5 миллиард сом сыртка ошол эле учурда салык төлөөдөн качуу түрүндөгү алдын-ала зыян 500 миллион сомдон ашык болгон.

Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери аталган мыйзам бузууларды жашырганы үчүн аталган каналдын уюштуруучуларынан 180 миллион сом өлчөмүндө пара алышкан.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайыга киргизилип, бул кылмышка тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо үчүн тиешелүү тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>