3-апрелге карата аба ырайыЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификациялады
Бишкекте курулуп жаткан имараттан чыккан өрт өчүрүлдү
07.04.2023 | 19:00
Бишкекте курулуп жаткан имараттан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкектин Октябрь районунун Токомбаев көчөсүндө жайгашкан курулушу бүтө элек көп кабаттуу имараттан чыккан өрт саат 16:13тө толук өчүрүлдү.
Өрт аталган имараттын жер төлөсүнөн чыгып, андагы пеноплекс курулуш материалы күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 15:39да Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, саат 15:41де кошумча 1, жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 16:00дө чектөөгө алынган.
Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом