Казакстан менен Кыргызстан экологиялык күн тартибин макулдаштыУлуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев кызматтан кетүү боюнча арыз жаздыТрамп Кубаны «басып алуу» ал үчүн чоң сыймык болорун билдирдиБишкекте мотоцикл, скутер жана мопед айдоочуларына карата рейддер башталдыЖергиликтүү продукция деп сатылган кытай картошкасы: Кыргызстанда рейддер башталатИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча кылмыш иши козголду
Бишкекте кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык турнир башталды
13.12.2023 | 20:43
Бишкекте Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин базасында кыз-келиндер күрөшү боюнча Бишкек шаарынын кубогу үчүн эл аралык турнирдин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, турнирдин ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору Жоомарт Шамканов жана Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев катышты.
Белгилей кетсек, мелдешке төрт өлкөдөн 200гө жакын спортчу катышат.
Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти уюштурду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар