Бишкекте бадминтон боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү

Бишкекте бадминтон боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү

Бишкекте бадминтон боюнча эркектер жана аялдар арасында Кыргызстандын чемпионаты өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдешке 50дөн ашык адам катышты. Иш-чараны  Кыргызстандын бадминтон жана сквош федерациясы жана “Жаштык” Олимпиадалык оюндарды жана спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча дирекциясы уюштурду.

Оюндар жупта да — экиден экиге каршы жана жекеликте өткөрүлдү. Үч категория бар — аралаш, аялдар жана эркектер.

Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары чемпионатта медалдарга ээ болушту.

Жалгыз эркектер категориясында:

1-орун – Кубатбек уулу Адилет;
2-орун — Абдумалик Садыков;
3-орун -Байэл Жоломанов.

Эркектер арасындагы жуптар категориясында:

1-орун – Кубатбек уулу Адилет жана Абдумалик Садыков;
3-орунду Нурдан Дүйшөнбиев менен Данил Рыспаев.

Жалгыз аялдар категориясында:

2-орун – Жасмин Айсарова;
3-орун —  Айназик Мээримбекова;

Аялдардын жуп категориясында:

2-орун – Жасмин Айсарова жана Чынгызбек кызы Гүлкайыр;
3-орун-  Айназик Мээримбекова менен Талайгүл Турарова;

Микс категориясында:

2-орун – Жасмин Айсарова жана Абдумалик Садыков.

Белгилей кетсек, бардык жеңүүчүлөр медаль, грамота жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Мелдештер сергек жашоого үндөө, бадминтонду жайылтуу жана Кыргызстандын курама командасын түзүү максатында өткөрүлдү.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>